ТЕХНИКАНЫН ТОЛУК АССОРТИМЕНТИ:
жол куруу жана инфраструктуралык
долбоорлор үчүн
КЫНТЫКСЫЗ КЫЗМАТ КЫЛУУ КЕПИЛДИГИ:
10 жылга чейин
БАРДЫК КЕПИЛДИКТЕРДИ 100% АТКАРУУ:
Мөөнөтүндө жеткирүү, кошумча бөлүктөр менен камсыздоо, толук тейлөө
Жол-курулуш жана тоо-кен казуу бизнеси үчүн кубаттуу техника. Бузулбайт жана тейлөөгө көп чыгымды талап кылбайт
Айына 843 $дан ЖОЛ-КУРУЛУШ КАРЬЕРДИК ТЕХНИКАСЫН САТЫП АЛ


|
УЗАК ЖЫЛДАРГА КУБАТТУУ ТЕХНИКА
Өз ишин натыйжалуу аткарат. Бардык аба ырайынын шарттарына жана майдын түрлөрүнө жакшы ыңгайлашат
ТУРУКТУУ ИШТЕЙТ, КӨЙГӨЙ ЖАРАТПАЙТ
Пайдалануу оңой, тейлөөгө көп чыгым талап кылбайт. Заманбап дизайны жана жабдуусу менен айырмаланат
БИЗ ЖӨН ГАНА ТЕХНИКА САТПАЙБЫЗ. БИЗ СИЗДЕР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ИШТЕГЕН ЖАНА КӨЙГӨЙ ЖАРАТПАГАН МАШИНАНЫ ТАНДАП БЕРЕБИЗ!
Көбүрөөк билүү үчүн форманы толтуруңуз...


ЭМНЕ ҮЧҮН КАРДАРЛАР БИЗДИН ТЕХНИКАНЫ БААЛАШАТ


«БАА-САПАТ»
МЫКТЫ КАТЫШЫ


Жеткиликтүү акчага мыкты сапат. Наркынын 40%ын төлөгөндө сатып алууга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилет
Биз мурун «LiuGong» заводунан гусеницалуу экскаваторду түз сатып алганбыз, ал 7 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бул жыл аралыгында техника өзүн өтө бышык, үнөмдүү жана тейлөөдө жөнөкөй катары көрсөттү. Албетте, биз «кытайлыктан» мындайды күткөн эмеспиз, жыйынтыктар өзү көрсөтүп тургандай: бузулган жок, таптакыр кыйнаган жок... Күн сайын жаны тынбай иштеп жатат!

Жакында эле биз ишибизди кеңейткенге байланыштуу жаңы гусеницалуу экскаваторду сатып алуу жөнүндө маселе жаралды, аны биз, албетте, Туратка тапшырык кылдык! Сатып алууга чейин биз аны өз ишинин кесипкөйү, жакшы адам, ошондой эле техниканы эмес, көйгөйлөрдүн чечимин сатуучу адам катары билчүбүз.

Ал сенин ишиңе тереңдеп кирип, сени менен бирге сатып алуунун пайдалуулугун эсептеп, ушундан кийин гана сатып алуу керекпи же жокпу айтат. Мен муну өтө баалуу сапат деп эсептейм. Бүгүнкү күндө мындай сатуучуларды табуу кыйын! Аны менен түзүлгөн биринчи бүтүмдөн кийин, биз бир аз убакыттан соң экинчи бүтүмдү түздүк, бул биз үчүн дагы жакшы көрсөткүч. Эми жакын арада өзүбүз тапшырык кылган экскаваторду алууну күтүп жатабыз жана жакынкы келечекте дагы сатып алабы
УЛАН ТУРАРБЕК
«Шагыл-Таш» компаниясынын кош ээси


«...ТЕХНИКА БУЗУЛБАЙТ ЖАНА КЫЙНАБАЙТ. КҮН САЙЫН ЖАНЫ ТЫНБАЙ ИШТЕЙ БЕРЕТ...»
Курулуш компаниялары
Жол-курулуш компаниялары
Жеке тоо-кен казуу компаниялары
Суу-ирригациялык компаниялар
БИЗДИН ТЕХНИКАНЫ САТЫП АЛЫШАТ
2008-жылы биз бир-эки объектти – Ысык-Көлдөгү Темировка айылында бала бакча куруу, ошондой эле ири суу түтүк тармагын өткөрүү үчүн чоң котлованды алдык. Мен техника жеткирип берүүчүлөрдү издеп баштадым жана досум мага Тураттын компаниясын сунуштады. Турат менен жолугушуп, мен техниканын жоктугуна байланыштуу өз көйгөйүмдү айттым, ал мага бир нече суроо берди, андан кийин менин иш көлөмүмө жараша биз сатып алуудагы чыгымдарды жана өзүн актоочулукту эсептеп баштадык.

Ошентип, "тарс" деп эле, техниканы сатып алуу азыркы тапта мага пайдасыз экени аныкталды, анткени иштин көлөмү техниканы менчикке сатып алуу үчүн киреше бермек эмес. Мен сатып албаганыма эмес, ал менин пайдама өзү иштеп таба турган акчадан баш тартып жана мени АЙНЫТКАНЫ таң калтырды!

Акыры мен экскаваторду сатып алсам, ал мага ашыкча жүк болооруна ынандым. Ошондо мен көз карашты биз үчүн пайдалуу оң жагына өзгөртө ала турган, өз ишинин мындай кесипкөйлөрү бар экенине кубандым, бул өтө маанилүү! Бирок бир жарым жылдан кийин, иштин көлөмү жана убакыт талабына ылайык техника сатып алуу зарыл болгондо, мен, албетте, Туратка кайрылдым жана өзүмдүн көптөн күткөн экскаваторумду сатып алдым

НУРЛАН ИСМАИЛОВ
«Минур» компаниясынын ээси
«...ӨЗ ИШИНИН МЫНДАЙ КЕСИПКӨЙЛӨРҮ БАР ЭКЕНИНЕ АБДАН КУБАНАМ...»
ФРОНТАЛДЫК ЖҮКТӨГҮЧ 856H
ЭКСКАВАТОР-ЖҮКТӨГҮЧ 777А
Кыймылдаткыч: Weichai WP4G95E221
Толук кубаттуулугу: 70 кВт (95 л.с.)
Максималдуу ылдамдыгы: 36 км/час
Эксплуатациялык салмагы: 8400 кг
Кыймылдаткыч: Cummins 6LTAA9.3
Толук кубаттуулугу: 162 кВт (220 л. с.)
Сузгучунун сыйымдуулугу: 3,0 м³
Эксплуатациялык салмагы: 18 500 кг
Кыймылдаткыч: Cummins NT855C360S20
Толук кубаттуулугу: 257 кВт (349 л. с.)
Оодаруу көлөмү: 10,4 м³
Эксплуатациялык салмагы: 34 000 кг
ГУСЕНИЦАЛУУ ЭКСКАВАТОР 952Е
Кыймылдаткыч: Cummins QSM11
Толук кубаттуулугу: 280 кВт (381 л. с.)
Казуу тереңдиги: 6521 мм
Сузгучунун сыйымдуулугу: 3,2 м³
Эксплуатациялык салмагы: 50 000 кг
ГРЕЙДЕР 4215 AWD
Кыймылдаткыч: Cummins 6CTAA8.3
Номиналдуу кубаттуулугу: 160 кВт (215 л.с.)
Максималдуу ылдамдыгы: 42 км/час
Эксплуатациялык салмагы: 18 700 кг
БИЗДИН ЭҢ БЕЛГИЛҮҮ МОДЕЛДЕР
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 969$
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 896$
КЫРТЫШТЫ ТИТИРЕТИП ТАПТАГЫЧ (ВИБРОКАТОК) 6116
Кыймылдаткыч: Shangchai SC4H140.2G2
Толук кубаттуулугу: 103 кВт (140 л.с.)
Жумушчу кеңдиги: 2 130 мм
Эксплуатациялык салмагы: 16 000 кг
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 850$
БУЛЬДОЗЕР B320
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 3339$
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 3843$
Бөлүп төлөөгө баасы: айына 1632$
КУБАТТУУ ТЕХНИКА «LIUGONG» КЫЙЫН ШАРТТАРДА ДАГЫ БАРДЫК ИШТИ АТКАРА АЛАТ!
Техниканы сатып алуу үчүн мыкты лизинг сунушун алуу үчүн форманы толтуруңуз...
Экскаватор сатып алгандан кийин биз ишибиздин өндүрүмдүүлүгүн жогорулаттык, бул биз үчүн өтө маанилүү эле. Таң калганыбыз бул экскаватор-жүктөгүч баарын жасайт экен! Анын жардамы менен биз котловандарды, траншеяларды каздык, жылдырма жебесинин аркасында терезе аркылуу бетон бердик, жердин бетин тегиздедик жана курулуш таштандысын жүктөдүк.

Өзгөчө келишимде каралгандын баары – жеткирип берүү мөөнөтү, техниканын комплектациясы, андан ары тейлөө жана кошумча бөлүктөрүнүн болушу – бир дагы эскертүүсүз аткарылды жана тынымсыз жасалды! Компания менен кызматташуудан жакшы пикирлер калды, сатып алганыбызга 6 жыл болсо дагы техника тынбай иштеп жатат. Компания, атап айтканда ээси Турат өзү тынымсыз чалып, ишибиз кандай экенин жана техника кандай иштеп жатканын сурап турат – бул биз үчүн өтө жагымдуу жана өтө баалуу.

Баса, бул экскаватордун аркасынан мен кийин бир нече бирдик сатып алдым, бул дагы мен үчүн чоң колдоо болду. Мен дайыма тааныштарыма же досторума Туратты өз ишинин мыкты кесипкөйү катары сунуштайм, анткени менин жашоом жакшы жагына өзгөрдү, мен башкаларга дагы жакшы өзгөрүүлөрдү каалайм
ТАДЖИЕВ БОЛОТ
«Токмоккурулуш» компаниясынын ээси
«...ЭКСКАВАТОРДУ САТЫП АЛГАНДАН КИЙИН БИЗ ИШИБИЗДИН ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТТЫК...»
«Techno Premier» компаниясы — «LiuGong» кытай брендинин атайын техникасынын Кыргызстандагы жалгыз расмий дистрибьютери.
Жогорку өндүрүмдүүлүк, кубаттуулук жана бышыктык – биздин кардарлар "LiuGong" техникасындагы баалаган сапаттар.
«LiuGong» дүйнөдөгү ири жол-курулуш жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн бири. Рынокто 62 жылдан ашык убакыттан бери иштейт.
КАТААЛ ДҮЙНӨ.
ИШЕНИМДҮҮ ТЕХНИКА
Биз 2014-жылы тоодо жайгашкан «Кара-Булак» этно-комплексин куруу үчүн Тураттан экскаватор-жүктөгүч сатып алганбыз! Жыйынтыгы укмуш болду! Алгач тапшырык кылганда биз бир моделге токтолгонбуз, бирок Турат менен баарлашкандан кийин, ал башка жакка бурду, мен ага макул болдум - биздин иш үчүн талыкпай иштей турган универсал керек эле! Бул тандоонун бардык артыкчылыктарын мен иш жүзүндө көрдүм.

Тоодо иштөө – бул кыйын, техника бул жерге чейин жетиши керек, бул дагы оңой эмес... Иш өтө оор эле, мен азыр дагы бул милдетти жаңы техниканын жардамы менен аткара алганыбызга ишене албай кетем, жыйынтыгында Кыргызстанда аналогу жок «ыштык мончосу» менен уникалдуу комплексти курдук.

Кызматташкан 6 жыл аралыгында менде Тураттын компаниясынын ишине карата айта турган эч кандай жеме болгон жок. Дайыма убагында тейлешти, айрым жеткирип берүүчүлөр менен иштешкенде боло тургандай, чыгымдоо материалдарын эч качан издеген жокпуз жана айлап күткөн жокпуз... Биз кызматташтыкка абдан ыраазыбыз! Иштин башталышында болгон нерсе менен азыр биз ээ болгон нерсе – түштөгүдөй... ойгонуп кетсең эле, бардык сулуулук алдында турат! Ал эми мунун баарына бизге чын дилден, кесипкөйлүк жана чынчылдык менен жардам берген Турат сыяктуу балдардын аркасында жеттик

ЖУМАДЫЛ ЭГЕМБЕРДИЕВ
«Шоро» компаниясынын тең негиздөөчүсү
«...КЫРГЫЗСТАНДА АНАЛОГУ ЖОК БОЛГОН УНИКАЛДУУ КОМПЛЕКС КУРДУК...»
КОШУМЧА БӨЛҮКТӨР — КӨЙГӨЙ ЭМЕС
Сиздин бизнестин өзгөчөлүгүнө жараша жол-курулуш карьердик техниканын толук ассортиментин жеткиребиз
100% МӨӨНӨТТҮ ЖАНА МАКУЛДАШУУЛАРДЫ САКТОО
Биз менен жеткирип берүү мөөнөтү жөнүндө кам санабаңыз – айрым моделдерди биз болгону 5-7 күндө жеткирип берүүгө даярбыз
ТЕХНИКАНЫ ТАНДООДОГУ КОНСУЛЬТАЦИЯ ЖАНА ЖАРДАМ
24/7 КАМКОРДУК ЖАНА САПАТТУУ ТЕЙЛӨӨ
БАРДЫК МИЛДЕТТИ ЧЕЧЕ АЛА ТУРГАН ТЕХНИКА
Ылайыктуу жабдууну тандоого жардам беребиз. Кардар менен байланышты үзбөйбүз жана техниканы сатып алгандан кийин дагы акысыз консультация беребиз
Биз тынымсыз биздин техниканын сапатын көзөмөлдөп турабыз. Эгерде сизде көйгөйлөр жаралса, биздин механиктер компаниянын эсебинен бузулууларды тез эле оңдоп беришет
Бизден техника сатып алуу менен, сиз ал үчүн кошумча бөлүктөрдү өзүнчө издеп убара болбойсуз, анткени алар бизде бар
Акысыз консультация алуу жана биздин техника жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн форманы толтуруңуз...
ЭМНЕ ҮЧҮН КАРДАРЛАР БИЗГЕ ИШЕНИШЕТ


ИШЕНИМДҮҮЛҮК, ЖОГОРКУ САПАТ ЖАНА КАРДАРГА КАМ КӨРҮҮ – 2007-ЖЫЛДАН БЕРИ БИЗ КАРМАНГАН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕР!
2014-жылы биз Кемин районундагы Куран-Жайлоо алтын кенинде подряддык иштерди алдык, ал жакта жер иштерин аткаруу керек болгон. Биздин алдыбызда оор милдет турду. Ошондо биз Туратка байланышып жана биздин ишибиз үчүн ылайык болгон гусеницалуу экскаваторду сатып алдык. Биз 2 жылда бул объектте 1 млн. кубдан ашык кыртышты каздык жана буга кошумча көптөгөн башка иштерди жасадык.

Биз аз убакыт өткөндөн кийин Тураттан бир фронталдык жүктөгүчтү сатып алдык, бул дагы биз үчүн жакшы роль ойноду. Техниканы пайдаланууда биз үчүн комплектөөчү бөлүктөр дистрибьютордо туруктуу бар экени маанилүү эле, анткени биз 2 нөөмөт иштечүбүз жана техника таптакыр токтобошу керек эле. Бул жаатта Тураттын компаниясы – азамат деп айтсак болот, дайыма алардын кампасында кошумча бөлүктөр бар эле жана бир дагы жолу башка жактан издеп убара болгон жокпуз, буга өтө кубанычтабыз.

Эң биринчи экскаваторду Турат бизге бөлүп төлөөгө берген, өтө узак болбосо дагы, баары бир ал бизге көп көмөк кылды. Андан кийин биз андан толук алдын ала төлөө менен 1 фронталдык жүктөгүч, 2 бульдозер жана дагы бир гусеницалуу экскаватор сатып алдык. Бул сатып алуулар биринчи экскаватордун аркасында болду. Кызматташуудан алган таасирлер эң сонун, биз азыркыга чейин доспуз, андан сатып алабыз жана дайыма аны досторубузга жана тааныштарыбызга сунуштайбыз

ВЛАДИМИР НОРВИН ЖАНА ВЯЧЕСЛАВ ПОПРАВКО

«Сталкер» компаниясынын ээлери
«...КЫЗМАТТАШУУДАН АЛГАН ТААСИРЛЕР ЭҢ СОНУН...»
Биздин техника жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн,
ФОРМАНЫ ТОЛТУРУҢУЗ


Дареги: Кыргызстан, Бишкек ш., Матросов көч., 1А
Сатуу бөлүмү: 0777999100
Кошумча бөлүктөр бөлүмү: 0777999177
Сапатты көзөмөлдөө бөлүмү: 0777999541
E-mail: osoo.technopremier@gmail.com
Made on
Tilda